Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Талас шаарында «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүүдө»27 марттан 2 апрельге чейин Кыргыз Республикасында бул иш чара 2-3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
GE DIGITAL CAMERA
GE DIGITAL CAMERA
Ар бир мамлекет өзүнүн өлкөсүндө акчанын жасалышы,колдонулушу адамдар акча менен кандай мамиледе болуу керек ушул туралуу кененирээк маалымат берүү максатында бул иш чараны өткөрүп жатканын Акимбеков Хусейн Маматканович Улуттук банктын Талас облусундагы башкармалыгынын начальниги билдирди.
Улуттук банктын Талас облусундагы башкармалыгынын начальниги Хусейн Маматканович.
Семинарда презентация көргөзүлүп банкноттор качан пайда болгон жана андан кийинки өзгөрүүлөр,жаңылануулар тууралу жана эскирген же күйүп калган банкнотторду кантип алмаштыруу керек жөнүндө дагы кененирээк маалымат беришти.
GE DIGITAL CAMERA
Талас Мамлекеттик Университетинин Технология-экономика факультетинин студенттери ар кандай суроолорду берип келген адистерден жооп алышты.
Студенттер жана окутуучулар жааматына билбеген маалыматтарды билип алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ойлорун билдиришти.
Бугалтерия эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы Тилек Тынаевич.
GE DIGITAL CAMERA
Даярдаган:Камчыбекова Рахат