Кургак учук –бул аба-тамчы аркылуу жугуучу олуттуу,жугуштуу оору.Негизинен бүт органдар,бирок көбүнчө өпкө жабыр тартат.
24 март күнү Талас шаарынын борбордук базарында Эл аралык кургак учукка каршы курөшүү күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү.
Флешмобко орто билим берүү жана мектеп окуучулары катышты.Флешмоб Кызыл ай коому трабынан уюштурулуп кургак учукка каршы борборунун даарыгери Гулнар Тургунбаева жана Талас облустук Кызыл ай коомунун жетекчиси Дилдекан Шадыбекова Талас шаарынын тургундарына кургак учук ооруусу тууралуу маалымат беришти.
Тургунбаева Гулнар Султанбековна врач
-Учурда бул ооруунун абалы кандай?
-Буга чейин эле ар күну курошуу жүргузүп келебиз.Ооруга чалдыктан адам созсүз түрдө текшерилиши керек. 2016 жылда 44 адам катталган.Азыркы абалы азайды деп айталбайм көбөйүп бражатат деп маалымат берем.Ооруунун ачык жана жабык түрү менен жабыркагандар менен тыгыз байлданышта иш жургузүп келебиз.
Уюштурулган иш чарада шаардын тургундарына оруу тууралуу кененирээк маалымат алуу учун китепчелер таркатылды.
Даярдаган : Камчыбекова Рахат