«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарындагы Нооруз майрамы

21 Март 2017 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны: 35

Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылына, жаңы күнгө багыт алуу алдында турабыз. Башкача айтканда, Нооруз майрамы босогобузда турат.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.

Майрамда эң алгач Кыргызстандын Гимни жанырып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тлас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү трабынан куттуктоо сөздөрү айтылды.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Ал эми Нооруз күндөрү бул ритуал массалык мүнөзгө ээ болот. Талас облусттук музыкалык драм театрынын актрисасы Алмагүл Алсейитова  бул күндөрү адатта майрам болгон жерде Умай Эне болуп, аластоо жөрөлгөсүн кылды:

Алас, алас!

Ар балээден калас.

Жаңы жыл келди,

Нооруз келди!

Жер жаңырып, чөп чыкты,

Желин жарылып, сүт чыкты!

Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Майдамда шаарыбыздын тургундарынын маанайын сурап куттуктоо сөздөрүн алганы дагы үлгүрдүк.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Ошону менен бирге эле жалпы жумурай журтубуз үчүн сүмөлөк кайнатылып, кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду.

      Kuttuktoolor

 

Даярдаган: Камчыбекова Рахат.