Кыргызда жаңы жылды сүмөлөксүз элестетүүгө болбойт эмеспи.Сүмөлөктү кантип жасап, кандай ырым-жырымдарды колдонот?
Биз бул тууралуу билгибиз келип,Талас жергесинин ыйык касиеттуу жери Манас күмбөзүндөгү түлөө канада сүмөлөктүн жасалышына күбө болдук.
Манас Ордо
Жыл сайын бул касиетүү жерде Темиралиева Канымжан эжекебиз сүмөлөк жасап келет.Сүмөлөктүн жасалышы боюнча эжеден кененирээк маалымат алдык.
Сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.
Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат. Катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат. Сүмөлөк коюланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат.
Өндурулгон буудай
Сүмөлөккө даярдоо
Сүмөлөктү аруу тилек максаттыры менен аралаштырып жаткан эжелер каалоо тилектерин айтып өттүү.
GE DIGITAL CAMERA
Кайнап жаткан сүмөлөк.
Даярдаган: Камчыбекова Рахат.