“Ак эмгек майды чайнатат” дегендей, бизнес аркылуу акча табуунун ар түрдүү жолу бар. “Алма, быш, оозума түш” деп отура берсең, базар экономикасынын агымынан четке сүрүлүп каларың бышык.
Даамдуу тамактардын катарын толуктаган самса барктуу тамак болуп эсептелет. Аны майрамдарда да, катардагы күндөрдө да жасап жесе болот.Кезектеги чыгарылышыбыз дал ушул керемет даамдуу самса тууралуу болмокчу.
Самса жасап сатуу үчүн анын кандай түрүн даярдайбыз, алгач мына ошону аныктап алуу керек. Расул мырза самсаны тандырга бышырылуучу, уйдун этинен чон кичине көлөмдөгу самсаларды жасап келет.Бул чакан самса канада100 даана самса жасалат.
Самса бизнеси менен бир жылдан бери алектенип, анын сырын жакшы билип калган Расул мырзанын айтымында эң алгач
тандыр нан менен эле ишти баштамак,кийин тандыр самса жазай башташкан.Эң башкысы алар адал эт менен жасалат.Бул ишти баштаар алдында 100 даана самса жасап кошуналарга бекер тараткан.Бир даамын таткан адам экинчи ирет келип алган болсо,бул биз үчүн чон жетишкендик дейт Расул мырза.
Учурда эки бала эмгектенет.Эки түр самсанын айрымачылыктары бир гана көлөмүндө.Чоң самса 50 сом,кичинеси 30 сом.
Даярдаган: Камчыбекова Рахат