Йога — Индиянын байыркы тилинен которгондо «көнүгүү», «гармония» дегенди түшүндүрөт. Йога адамдын ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөп, адамдын өзүнө ишенүүсүн күчөтөт. Ал эми фитнес адамдын тулку боюн тонуска келтирип, көпчүлүктүн баш оорусуна айланган ашыкча салмактан арылтат. Ушул эле тармактар менен чектелбей кол өнөрчүлүк багытында да иш алып барган «Аруузат» аттуу ийрими Таласта ачылган. Ал эми ийрим тууралуу анын негиздөөчүсү жана тренер Орумбаева Жибек кыскача маалымат берди.
Бул ийримге ачылгандан баштап катышып жүргөн Зинаида айым өзүнүн ою менен бөлүштү.
Даярдаган: Осмоналиева Элес