Талас шаарында “Ыйман,адеп жана маданият” жылдын алкагында Талас Мамлекеттик Университетинин жыйын залында кыргыз эл акыны Б.Сарногоевдин 85 жылдыгына карата «Кыргыз деп келгем дүйнөгө,кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»деген темада көркөм-маданий кече өткөрүлдү.

GE DIGITAL CAMERA
Иш чара салтанаттуу түрдө «Кыргыз деп келгем дүйнөгө,кыргыз деп өтөм дүйнөдөн » аттуу даректуу тасма менен ачылды.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA
Талас Мамлекеттик Университетинин ректору,профессор Айбек Упеновдун,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин,Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Талас облустук башкармалыгынын төрагасы,Талас телерадио компаниясынын мүдүрү ,философия илимдеринин кандидаты Эрмек Уметовдун куттуктоо сөздөрү айттылды.

GE DIGITAL CAMERA
ТалМунун мамлекеттик тил боюнча проректору Самат Субанкуловичтен уюштурулган ишчара тууралу маалымат алдык.
Иш чаранын маданий бөлүгүндө Б.Сарногоевдин ырлары көркөм окулуп,туулуп-өскөн жери жана айылдаштарынын акын тууралуу эскерүүлөрү ошондой эле замандаштары жана туугандары эскерүү сөздөрүн айтышты.

GE DIGITAL CAMERA
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 85 жылдык маарекесине арналган Талас Мамлекеттик Университетини окутуучулар жана студенттер арасында акындын чыгармачылыгына ,талантына арнап жазылган ырларга сынак жарыяланган. Бул кечеде женүүчүлөр аныкталып баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Сынактын женүүчулөрү менен таанышып калемдерине таандык ыр саптарын угуп кордук.

Кенешбекова Айгерим Г-1-15 тайпасынын студенти.

Жекшенбеков Арслан Г-1-14 тайпасынын студенти.
Даярдаган:Рахат Камчыбекова