«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Чоку болот тоолордун бийик жери, Чокудай бол,кыргыздын жигиттери

23 Февраль 2017 жыл 9:33
Көрүүлөрдүн саны: 30

  Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Чоку болот тоолордун бийик жери,Чокудай бол,кыргыздын жигиттери» -деген темада Талас шаарында күч түзүмдөрдүн арасында таймаш уюштурулду.

20170221_172910

Таймашта үч топ ат салышты алар:Талас областык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери,Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана КРнын ички иштер министирлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.11 этаптан турган мелдеште күч органынын кызматкерлери өздөрүн ар тараптуу көрсөтө алышты.
Таймашта ар бир топ «Манас»эпосунан үзүндү,залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү,Макал-лакаптарды чечмелеп,мамлекеттик тилге байланышкан өксүктөрдү,кем-карчтарды чагылдырган сатиралык чыгармаларды аткаруу менен биргеликте калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

20170221_164725

2017-02-21-14-45-46-378

 

20170221_161625

Ошондой эле сынакка катышып жаткан күч түзүмдөрдөн түзүлгөн тайпалардын дагы мүчөлөрүнөн таймашка кандай даярдык көргөнүн сурап билдик.

      Sarnogoeva-Dinara

2017-02-21-15-41-48-302

      CHiltelov-Baktybek-

2017-02-21-15-53-11-098

Калыстар тобунун чечими менен
1- орунду 216 упайы менен Талас областык ички иштер башкармалыгы.
2 -орунду 210 упайы менен КРнын ички иштер министирлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери.
3 -орунду 203 упайы менен Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы алышты.
Таймашмаштын женүүчүлөрү ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

20170221_173314

Калыстар тобунун мүчөсү Кыргыз Республикасынын «Эл мугалими»Исаков, Бектур Сыдыкович баардык тапшырмаларды кыргыздын түпку чыгармачылыгы менен аткарышты деген оюн билдирди.

      Isakov-Bektur-Sydykovich

Бул иш чараны өткөрүү боюнча демилгени Кыргыз Республикасынын Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.

      Ozokeeva-Asyl-1

Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Асыл Озокееванын айтымынды сынакта берилген тапшырмалар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында берилди дейт.

 

Радиомост, Талас
Даярдаган: Рахат Камчыбекова