Бүгүн Талас шаарынын борборунда Талас областнынын жарандык коргоо башчысынын ишмердүүлүгү боюнча штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Бул машыгууга облустук жана райондордордун жарандык коргоо башкармалыгынын башчылары катышты. Ошондой эле “Кызыл Ай” коомдук уюм, “Тез жардам” кызматы, ички иштер бөлүмү,өрт өчүрүү мекемеси, “Таза Суу” муниципиалдык мекемеси жана башка уюмдар катышып, өзгөчө кырдаалга даярдыктары боюнча отчеттук мааламат беришти. Бул машыгууну областын губернатору Дайыр Кенекеев баш болгон тийиштүү кызмат адамдары катышып, байкоо жүргүздү.
Эки күндүк машыгууга кайдыгер эмес жана активдүү адамдар да катышып, даярдаыктарды өз көздөрү менен көрүштү. Эки күндүк машыгуунун жыйынтыгы 22 февраль күнү белгилүү болот.
Даярдаган Кубанычбекова А.