«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас облусундагы жергиликтүү соттор 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарышты

15 Февраль 2017 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны: 50

IMG_2483

Талас облусундагы жергиликтүү соттор 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Талас областтык сотунда 2017-жылдын 9-февралында Талас областынын жергиликтүү сотторунун 2016-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган чогулуш өттү.

Кеңешмеге Талас областтык сотунун төрайымы Клара Калиева, Талас областтык сотунун төрагасынын орун басарлары жана судьялары, райондук, шаардык  жана областтык райондор аралык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.

IMG_2485

Талас областтык сотунун төрайымы К. Калиева чогулушту ачып, жергиликтүү соттордун отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүн 2015-жылга салыштырып, статистикалык маалыматтарды чагылдырып, жергиликтүү соттордун жарандык иштер боюнча сот адилеттигин ишке ашыруудагы сапатын жогорулатуу жөнүндө баса белгилеп кетти.

Талас областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын судьясы З. Абдиеванын маалыматына ылайык Талас областынын жергиликтүү сотторуна 2016-жылдын отчеттук мезгилинде 490 кылмыш иши түшкөн.

Талас областтык сотунун төрагасынын орун басары жарандык иштери боюнча соттук коллегиянын төрагасы Жамангулов Ж. 2016-жылдын отчеттук мезгилинде жергиликтүү сотторго 3359 жарандык иштер түшкөндүгү тууралуу маалымат берди.

Талас областтык сотунун төрагасынын орун басары, административдик жана экономикалык иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Токтосун уулу Каныбектин баяндамасында Талас областынын райондор аралык сотуна 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 242 экономикалык иш түшүп, 2015-жылга салыштырмалуу 81 ишке көбөйгөндүгү маалым болду.

Областтык соттун жыл жыйынтыгына арналган жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А. Токбаева кеңешменин ишин жыйынтыктап сөз сүйлөдү. А.Токбаева сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга, бардык судьяларга ишти бирдей бөлүштүрүү, анда убактысын, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, малекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, жер маселеси, жашы жетпегендерге карата ишти кылдат кароо ж.б. маанилүү маселелерге токтолду.

Ошондой эле жыл жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен Талас шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу О. Тункатаровго алкыш жарыялады.

IMG_2516

Кеңешменин соңунда тиешелүү токтом кабыл алынды.

IMG_2509

Талас областтык сотунун пресс-кызматы

Радиомост, Талас