«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Туура тамактануу

26 Январь 2017 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны: 282

331-1 (1)

Туура тамактануу жөнүндө көп айтылып келет, бирок ага көңүл бурбай эле өз каалаганыбыздай, биз көнүп калгандай тамактанабыз. Кыргыздар эзелтеден бери эле конокко барып, конок тосуп, дасторконду кенен жайып, ар кандай даамдуу тамак-аштар менен толтурушат. Анысы аз келгенсип, биринчисине майлуу шорпо, экинчисине илеген толо күлчө, чара толо эт тартышат. Анын баардыгын жеп бүткөн соң, аркасынан чай таттуулар менен ичишет. Бул жогоруда саналган тамак-аштардын баары 3-4 саат ичинде жейилет. Анан курсагын томпойтуп алып жатып калышат. Бул — организмге атомдук бомба сымал зыян жана коркунучтуу. Бирок ушинтип коноктогон бизде урматтоо болуп саналат эмеспи.

Адамдын мүнөзү, спецификалык жыты, физиологиясы, жада калса, картаюу процесси биз жеген тамак-аштарга көз каранды экенин окумуштуулар эбак эле далилдешкен. Ошондуктан ден-соолугуңуздар чың болуп, жаштыгыңызды көпкө сактайм десеңиз, анда Талас райондук оорулардын алдын алуу жана сан.эпид.көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Жолгошова Элнуранын кеңешин угуп, сунушун ишке ашырууга умтулуңуздар. Анда эмесе, көңүлүңүздөрдү төмөнкү берилген маалыматка бөлмөкчүбүз.

      tuura-tamaktanuu

“Ар бир адам даамдуу тамакты жегенди жакшы көрөт. Бирок ал организмге канчалык деңгээлде пайдасын же зыянын тийгизип жатканына биз көп деле маани бербейбиз. Ден-соолуктун чың болушундагы эң маанилүү нерсе — бул туура тамактануу. Окумуштуулар айткандай, 1000 ооруунун 999 тамактан келип чыгат. Адам туура тамактанып, өздүк гигиенасын туура сактаса, ар кандай оорулардан оолак болот.

Негизи күнүнө адам 4 ирет белгиленген убакта тамактануусу керек: эртең менен, түштө, күүгүмдө жана кечинде. Эртең мененки тамак — 350-400 мл, түшкү – 250-300 мл, күүгүмдө – 180-200 мл, ал эми десерт менен жаңы жасалган салат 100-150 мг түзсө, организм 1 күндүк нормалык витаминди ала алат. Тамакты туура жеш деле бул өзүнчө бир илим. Мисалы: тамакты майда чайнап, шашпай, жай отуруп жеш керек жана тамактын температурасын да контролдоо зарыл. Тамак муздак же өтө ысык болсо, гастрит, язва ооруларына алып келет. Негизи эле биз кыргыздар кечинде бешбармак, күлчөтай жеп жатып алабыз. Бул туура эмес. Жатаарга 1,5-2 саат калганда тамактанып, андан соң көпкө чейин активдүү кыймылда болуу шарт. Жатаарда 1 стакан айран ичип койсок, организмибиздеги микрофлора жакшырып, чоң пайдасын алып келет. Мындан тышкары 1 жумада 1 жолу жалаң гана сүт азыктары менен азыктануу, жумасына 1 жолу балык жеп туруу жана жумасына 1 жолу жашылчылыр менен гана азыктануу сунушталат. Бул процесстер организмдин чың болушун көзөмөлдөйт жана иммунитетти көтөрөт. Бирок тилекке каршы, шартыбызга байланыштуу жума сайын балык жей албайбыз. Натыйжада, ар кандай ооруларга чалдыгышыбыз мүмкүн.

Азыркы учурда глобалдуу көйгөй – бул йоддун жетишсиздиги, ал өз кезегинде зобго алып келет. Статистикага көз жүгүртсөк, 2015-жылы 172 оорулуу катталса, 2016-жылы 195 оорулуу катталган. Бул оорунун алдын алуу үчүн  йоддолгон туз жеш керек. Йоддун күнүмдүк нормасы 150-180 мкг. Тузду сактоо эрежелери да бар. Анын эң негизгиси йодду ачык калтырбаш керек. Анткени, йод учуп кетет. Тамак бышаарга 10 мүнөт калганда гана, йоддолгон тузду салсак, ал сапатын сактайт. Йодго бай тамак аштар – бул балык, балык майы, сүт азыктары, каротошка, гречка ж.б. өсүмдүктөр болуп саналат.

Бизде дагы бир актуалдуулугун жоготпой келаткан көйгөй – бул анемия – аз кандуулук оорусу. Бул оору темирдин жетишсиздигинен улам пайда болот. Мисалы, Таласта 2015-жылы 1365 адам катталса, 2016-жылы 1426 адам катталды. Бул оорунун профилактикасы катары байытылган ун пайдалануу сунушталат. Окумуштуулардын айтымында, энелик өлүмдүн 40% аз кандуулук менен байланышкан. Темирдин күнүмдүк нормасы 20 мг түзөт.

“Калорийность” – бул адам тамак-аш жегенден кийин бөлүнүп чыккан энергия. Бул негизинен адамдын жыныстыгына, көлөмүнө, рассасына жана климаттан көз каранды. Орто эсеп менен алганда, эркектерге күнүнө 3850 кКал, аялдарга 2950 кКал керектелет. Жашы жогорулаган сайын кыймыл аракети азаят, анысы менен бирге кКал олчөмү да төмөндөйт. Эгер организм сурагандан ашык жеп койсок, бул бир гана ашказан оорусуна эмес, семирүү процессине алып келет. Ал эми организм талап кылгандан азыраак жесек, арыктоо процесси жүрөт. Негизи ашказан 3 бөлүктөн турат: 1-си – суу, 2-си – аба, 3сү – тамак-аш болушу керек. Ошондуктан тамак ичээрден 20-30 мүнөт мурун 1 стакан суу ичүү шарт.”

“Жакшы тамак калганча – жаман куурсак айрылсын” деген принцип менен жашай берсек, биздин өмүрүбүз, жаштыгыбыз кыскара берээрин унутпай, туура тамактанууга өтөлү, урматтуу кыргыз элим!!!

 

Даярдаган: Осмоналиева Элес