«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Майрам апанын «от души» жасалган нандары.

24 Январь 2017 жыл 8:59
Көрүүлөрдүн саны: 27

Талас шаарында 15 жылдан бери Майрам апанын наабайканасы өз ишин улантууда.

      Dayar-Majram-apa

Бул наабайканада бир күндө 8-10 капка чейин ун керектелип, 40 түр нандын, булочканын, самсы, кекстердин  жана башка түрлөрү жасалат. Майрам апа өзүнүн ишкерлеринен эң алгач тазалыкты талап кылат.Чакан ишканада эмгектенип жаткан жаамат, өз иштерин кечки саат 6-7де баштап, таңкы саат 9-10до сырттап, түштө дүкөндөргө  таратышат.

IMG_9897

Радиомост үналгысында, ар жума күндөрү “Айымдар сааты” программасы түз эфирде болот. Ошол программада биз наабайкананын жетекчиси Майрам апа менен болгон маектен үзүндүгө көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Нандын керемет даамдуулугунун сыры эмнеде?

— Мындан 15 жыл мурун алгачкы самсы менен баштадым. Самсыдан анан ассортимент көбөйтүп баштадым. Анан жумушумду чоңойтуп, семейный бала чакам менен ушул күнгө чейин иштеп келе жатабыз. Нан эч качан өтпөй калбайт. Буйрутма беришет, үйгө чейин издеп келишет. Нанды мен “от души” жасаймын. Рабочийлерим бар. Аларды да урушуп турам. Эл менен иштешкенден кийин менин нандарым жагыш керек. Эгерде нандар нык болуп калса, мен таратпайм. Биз ал нандарды сухарик кылып салабыз. Мен элге жакшы кылам. Ошого баары ыраазы болот. Элге жакшы кызмат кылабыз. Эл менен болобуз, элге кызмат кылабыз.

IMG_9881

IMG_9884

Маекти Майрам апанын кызы Турсунова Гулмира менен уланттык.

— Майрам апа — менин апам болот. Мен иштегениме 10 жыл болду. Кудайга шүгүр. Жаңы баштаганда самсы менен баштаганбыз, 10-15 мештер менен. Элдин суроолору менен ассортимент көбөйө баштады. Мурда элес албай, 10-15 самсы болчу. Анан тойлорго буйрутма алып көбөйө баштадык. Азыркы учурда 40 түр нан кылабыз. Азыр булочканын түрлөрү, кекс, сендвич, гамбургер, пирог,пирамида нандар, нандын 4-5 түрү  бар. Булочкалар 6-10 сомго чейин.

IMG_9894

 Түнү менен баардыгына жетишесиздерби?

 — Жок, жетишпейбиз. Соодага карайбыз. Буйрутмалар көп болгондо, 10 адамга жакын жумушчулар бар. Биздин нандар Таластын райондору боюнча таратылат. Борборубуздан да болгон буйрутмалар бар.

Наабайканага барып иш жумушуна аралашып көрдүм. Лакомканы жасаганына жардам берип, жумушчулар менен маектешитик. Майрам апа Талас жаштары үчүн жумуш орундары менен камсыз кылат. Наабайканадан тышкары, Майрам апа дукөн, даарыкана, кафе жана хошан-кана иштетип жаштарды жумуш менен камсыз кылууда.

IMG_9900IMG_9906

IMG_9909

IMG_9913

Даярдаган: Камчыбекова Р., Кубанычбекова А.

Мыкты сүрөт жана макала сынагы үчүн