«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта сасык тумоо күч алууда

23 Январь 2017 жыл 8:17
Көрүүлөрдүн саны: 27

грипп фото

Азыркы учурда сасык тумоонун күч алышы туруктуу эмес аба ырайына байланыштуу болуп жатат. Муну биз жеңил абал катары кабыл алганыбыз менен, натыйжасы аянычтуу болуп калышы толук мүмкүн экен. Сасык тумоо жөнүндө кененирээк Талас облустук медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Дюшекеева Гульмира Зарлыковна маалымат берди.

  • “Мына азыркы кезде сасык тумоонун эң көп катталып жаткан учуру. Күздөн баштап кыштын аягына чейин бизде сасык тумоо илдети менен ооругандар көп кайрылып башташат. Сасык тумоону чакырып жаткан вирустун 300дөн ашык түрлөрү бар. Баарына эле белгилүү болгондой, сасык тумоонун биринчи белгилеринен болуп — бул мурундан суу агып, мурун бүтүп, тамак кургап, температура көтөрүлөт.

Дарыларга “устойчивость” деген пайда болду. Көбүнчө сасык тумоо менен ооруп калган адамдар “амоксициллин” алып ичишет, натыйжада ал антибиотикке организмде туруктуулук пайда болуп, кийин ал жардам бербей калат. Ошондуктан сасык тумоонун биринчи эле белгилери пайда болгондо, дарыгерлерге кайрылганы оң. Анткени, антибиотиктерди көп колдоно берсе, организме жогоруда айтылгандай, туруктуулук пайда болуп, кийин алар жардам бербей калат. Буга кошумча, антибиотиктер күчтүү медикамент болгондуктан, ички органдарга терс таасирин тийгизээрин унутпайлы.

Көбүнчө сасык тумоого бала бакчадагы, мектептеги балдар көп чалдыгышат. Бул илдеттин алдын алуу боюнча вакциналар берилген. Бул вакцина интернатта окуган балдар, дарыгерлер, карылар үйүндөгү адамдарга бекер жасалды. Мындан тышкары сасык тумоонун алдын алам деген адамдар бул вакцинаны сатып алса да болот.

Сасык тумоону жуктуруп албаш үчүн мурунга оксалин мазин сүйкөп, маска тагыныш керек. Күнүгө 2-3 маал мурун көңдөйлөрүн тазалап жууп туруу шарт. Дайыма колду самындап жууп, өздүк гигиеналык буюмдары болушу абзел. Андан тышкары бат-бат үйдө “влажная уборка” кылып, бөлмөлөрдү желдетүү керек. Ден-соолугуңуздар чың болсун! Сасык тумоо менен оорубаңыздар!” – деп өзүнүн сөзүн аяктады.

      radioklinika-23-01-17

Даярдаган Османалиева Э.