«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Борбордук тамада таластыктарга теӊ эмес

18 Январь 2017 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны: 28

Грузин тилинен tamadoba – бул майрамдык иш чаралардын алып баруучусы болуп которулат. Тамаданын милдеттери-тойду башкаруу, сөздөрдү жана тостторду убагы менен бөлүштүрүү, оюндарды уюштуруу жана кызматчылардын ишин контролдоону камтыйт. Талас шаарында тойлордуу уюштурууга жардам берген эки уюм бар: Тамадалар ордосу жана Тамадалар уюму.

Тамаадалар уюму жергиликтүү жашоочуларга чоӊ жардам беришет.Талас облусу боюнча 30тан ашык тамадалар бар.Алардын эӊ жашы 20 жашта,ал эми аксакалы 60 жаш курагында.Талас облусу боюнча жалгыз тамада айым кызмат кѳрсѳтчү,бирок азыр ал үй-бүлѳѳлүк шартына байланыштуу бул чѳйрѳдѳн алыстаган.

      Tamadalar

GE DIGITAL CAMERA

Бул стенттен каалаган тамаданы, ырчыны, музыкантты жана бийчилерди тандап алса болот.

Тамадалар борборунун жетекчиси Мелис Жумагулов  менен болгон маеке коӊүлүӊүздѳрдү бурабыз.

Тамадалар кызматы боюнча айтып беринизчи

  • Тамадалар борборуна жети жыл болду. Азыркы учурда 35 тамада бар. Өзүнчө иштешкендер андан да көп. Бизде азыр той кызматтарынын баардык шарттары бар. Биринчиден сүрөттөрүн көрөт. Азыр биз баарын айтып беребиз, стажинан баштап роликтеп интернетке чейин киригизип койгонбуз. Баарын даярдап беребиз, бул музыкант барат,бул оператор деп. Тамада музыканттарда башка, бизде мына лимузин, ырчы,бийчи тойго эмне тийиштүү болсо касапчы, поварларга чейин.

Кызматтын баалары кандай?

  • Региондор боюнча эң эле арзан Таласта экен. Коплект мисалы 15 000 сом болот. Андан ашыкда болот. Эн чакан жөнөкөйүү 6 000 башталат.

Комплектке эмне кирет?

  • Комплектке музыкант, оператор, тамада, анан ырчылардыкы озунчо кетет. Мисалы бизде аккордеон, комуз ойногон живой музыканнтар бар. Сууктарда үйдө жандуу үн менен ырдашат. Биз ушундай шарт кылып беребиз. Азыр тойдун 70 % үйдө өтөт.Азыр бизде он чакты музыкант аккордеон жана комуз ойношот.Кээ  бир тойлордо 4 – 6 га чейин тамадаларды жалдашат. Биздин алып баруучулар сѳзгѳ чечен келишет. Ал эми борбордук  тамадаларга биздин тойлорду алып барууда кыйынчылыктар жаралат, себеби биздин элдин шаӊ шѳѳкѳтү кѳп.Тойдун ээси тамадалардын мээрчемине карай маарекенин күнүн белгилешет.

Таласта тамадалар мектеби ачылуу пландаштырылууда.

new-piktochart-_19541709_f044a11e63421856812a57333f32b07d7a8534dd

Таластык тамадалардын иш жүзүнѳн бир үзүндү

https://www.youtube.com/watch?v=LjGZvRNhq_s

Даярдаган Кубанычбекова А.

Камчыбекова Р.

Мыкты макала сынагы үчүн