«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

ВИЧтин профилактикасы: ВИЧ жана миграция

21 Декабрь 2016 жыл 7:44
Көрүүлөрдүн саны: 70

20161220_094756

Талас шаарында Kerben Palace мейманканасынын конференц залында “Вичтин профилактикасы: ВИЧ жана миграция” темасында тегерек стол болуп өттү. Бул тегерек столго Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Талас областык Саламаттык сактоо боюнча координатору жана ошондой эле Талас областык Массалык маалыматтар каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

ВИЧ, СПИД деген эмне, алардын алдын алуусу тууралуу, инфекцияны жугузуп алган  учурда эмне кылыш керек, миграцияга кандай таасир этеерин жана ошондой эле Республика жана Талас облусунун ВИЧ инфекциясы менен катталган жарандардын статистикасы менен тааныштырып, тегерек столдун катышуучуларынын ортосунда кызуу талкууланды.

Тегерек столдун максаты тууралуу Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык борбордун ден соолукту чыңдоо боюнча адиси Мергембаева Айнура Казнаевна айтып берди:

      Mergembaeva-A.

Жана ошондой эле Талас облусунун СПИДке каршы күрөшүү боюнча диспансердик бөлүмүнүн дарыгери Молдошев Нурлан Рысбекович СПИД, ВИЧ деген эмне, анын бири биринен болгон айырмасын жана анын алдын алуусу жөнүндө кыскача маалымат берди:

      Moldoshev-N

 

Кабарчы: Осмоналиева Элес

Радиомост, Талас