«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Студенттик күнгө даярдануу

16 Ноябрь 2016 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны: 48

den-studenta

         Эртең 17 ноябрь — Студенттердин күнүнө карата студенттердин майрамга кантип даядык көрүшүп жаткандыгы тууралуу кыскача сюжет даярдалды.  Талас агрардык — экономикалык колледжинин биринчи жана бүтүрүүчү курсундагы студенттер эртеңки күндүн программасын болжолдошуп, кыскача жооп беришти.

      Studentterdin-dayardygy

  Ал эми ушул күнү эмне үчүн студенттер күнү деп аталды деген суроо келип чыгат. Ал суроого жооп бериш үчүн алтын тамгалар менен жазылган тарых беттерин барактап көрөлү. Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прагада студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Албетте студенттик күн жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы. Бирок анын тарыхы, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакияда башталган трагедиялуу окуяга байланыштуу. 1939-жылдын 28-октябрында Чехиядагы аянтта көптөгөн студенттер демократияны талап кылган митингге чыгышкан. Анда студенттер менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, көптөгөн студенттер каза болгон. Чехияда бул мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ошондон улам дүйнөдө бул күн — эл аралык студенттер күнү катары кабыл алынган экен. Кыргызстанда да студенттер бул күнү жыл сайын ар кандай иш чараларды жүзөгө ашырып, андан соң кечки убак группалаштары менен жагымдуу убакыт өткөрүшөт. Бул сюжеттин соңунда бардык студенттерди эртеңки майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Даярдаган:   Осмоналиева Элес